ӨКМ Ноокенде жоголгон тургунду издөө тууралуу билдирүү таратты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттү-Булак жайлоосунда жоголгон 46 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, бүгүн издөө иштерине 54 адам, 4 дрон тартылды. Тургунду издөө иши эртең, 11-январда таң эрте улантылат.
Айта кетсек, 15-декабрда 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан