Сокулук районунда ок-дарыларды ташып бараткандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция шектүүлөр тууралуу былтыр 12-декабрда маалымат алган. Факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
11-январда Сокулук айылында шектүүлөр бара жаткан унаа токтотулуп, текшерүү учурунда 86 даана ок-дары табылган. Соттук-баллистикалык экспертиза 86 патрон АКМ-74, АКМС-74У жана РПК-74 автоматтарына тиешелүү экенин аныктаган. Шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Алар 1994-жылы туулган А.Ч., Т.М. жана Б.Э. аттуу мурда соттолгон жарандар болуп чыкты.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.