Садыр Жапаров жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизди

“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мыйзамды өзгөртүүгө президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүүгө багытталган түзөтүүлөр киргизилүүдө. Анда аталган мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пунктунда “мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган” деген сөздөрдү алып салуу каралган.

Көрсөтүлгөн мораторий сугат айдоо жерлерин менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттык сактоо объекттерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт.

Мындан тышкары Мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 8-пункту ага ылайык редакцияда баяндалып, мораторийдин таасиринен суу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан