Бишкек шаарынын Т.Үмөталиев көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, бүгүн, 14-январда эртең менен чыккан өрт саат 12:47де толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.
ӨКМ адам өмүрүн камсыздоо жана ден соолугун сактоо максатында турак үйдөн болжол менен 40-45 адам эвакуацияланганын кошумчалады.
Буга чейин жеке үй өрттөнүп жатканын кабарланган.