Караколдо унаалардын айнеги талкаланып, ичи тонолгон. Милиция шектүүлөрдү кармады (видео)

Каракол шаарында уурулук менен алектенген деген шек менен мурда сот жообуна тартылган жана издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-январда милицияга Б.Э. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү белгисиз адамдар токтоп турган Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын алдыңкы оң жак терезесин сындырып, ичинде паспорт, айдоочулук күбөлүк, 500 доллар, 1000 рубль жана 2000 сому бар капчыгын уурдап кетишкенин айткан.

Ошондой эле милиция 10-январда Казакстандын Б.Е. аттуу жараны дагы кайрылып, ошол күнү шаардагы унаа токтотуучу жайга токтоткон Toyota 4Runner үлгүсүндөгү автокөлүгүнөн документтери менен барсеткасын уурдатканын айткан. Жабырлануучу унаасынын оң жак терезеси сынганын кошумчалаган.

Аталган фактылар каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары "Бейбаштык", "Тоноо" беренелери менен издөөдө жүргөн 29 жаштагы Балыкчы шаарынын Ш.Ж. аттуу тургуну жана мурда "Уурулук", "Тоноо" беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган Чүй облусунун А.А. аттуу тургуну кармалган. Алар алдын ала сурак учурунда өздөрүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алышкан. Кармалгандар Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда шектүүлөрдүн башка уурулук кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда.

14.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан