Бишкектеги бир нече эмерек цехтери калдыктарды өрттөгөнү үчүн жазаланды (видео)

Бишкектин Кулатов көчсүндө жайгашкан эмерек цехтеринде өндүрүш калдыктары өрттөлгөн. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, экологиялык жана көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы тууралуу билдирүү шаар тургунунан келген.

"Текшерүү учурунда таштандыларды бир эмес, бир нече объект өрттөгөнү аныкталды. Мештин жабдууларын текшерүү алардын ламинатталган ДСП өрттөгөнүн көрсөттү", - деп билдиришти мэриядан.

Көрсөтүлгөн дарекке баруунун жыйынтыгы менен жалпы суммасы 53 миң 500 сомду түзгөн үч протокол түзүлдү.

Бишкектеги цехтердин калдык өрттөгөнү аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан