Жо Байден коштошуу сөзүндө Орусияны бир дагы жолу айткан жок

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин президент катары эли менен коштошуу сөзү 15 мүнөттөй болду. Анда Байден АКШ менен Орусиянын мамилеси тууралуу жана Орусия президенти тууралуу бир дагы сөз айткан жок.

Ак үйдүн башчысы эл аралык күн тартибиндеги маселелер учурунда Түндүк Атлантикалык альянсты чыңдоо, ошондой эле Украинаны колдоо маселесине токтолду. Мындан тышкары Байден башка нерселер менен катар Кытай менен атаандаштык жана Газа тилкесиндеги ок атышпоо келишими тууралуу айтты.

Жо Байден АКШ бийлигин 20-январда Дональд Трампка расмий түрдө өткөрүп берет. Учурда Трамптын инаугурациясына даярдык кызуу жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан