Орусиянын BAZA Телеграм каналы коңшу Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган Азербайжан авикомпаниясына таандык учактын учкучтарынын диспетчерлер менен сүйлөшүүсүн жарыялады.
Анда Embraer-190 учагынын учкучтары Грозный, Ростов-на-Дону жана Актау диспетчерлери менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн толук стенограммасы жарыяланды.
Жарыяланган жазууда учкучтар өздөрү Грозныйга конуудан баш тартышып, Махачкалага учуудан дагы баш тартышып, Бакуга кайра кайтууну чечишип, бирок Актауга конууну чечишкен.
Учкучтардын сүйлөшүүсү: 25-декабрь, саат 08:11, Учкуч: "Азербайжан 82-43, Бакудан келе жатабыз";
Саат 08:16да учкуч учакка тышкы таасир болгонун кабарлайт.
Саат 08:16, Учкуч: "Грозный, саламатсыздарбы, башкаруу жоголду. Кабинада жарылуу болду" деп кабарлайт учкуч борттогу авариялык абал тууралуу бир ооз сөз айтпастан.
Эки мүнөттөн кийин учкуч учак башкарууну жоготуп жатканын, кийинчерээк кабинадагы басым күчөп жатканын кабарлайт. Акыры, учкуч диспетчерди угуп, Махачкалага конууну чечет.
Бирок бир нече мүнөттөн кийин учак кайра Бакуга багыт алат. Учкучтардын сүйлөшүүлөрү учакка тышкы таасир болгонун тастыктайт, бирок экипаж бортто өзгөчө кырдаал жарыялабоо чечимине келген.
Саат 08:24, диспетчер: "Азербайжан 82-43, байланышыңыз, кырсык болдубу?"
Учкуч: "Азербайжан 82-43, түшүнгөн жокмун, кайталасаңыз";
Диспетчер: "Азербайжан 82-43, бортто баары жайындабы?";
Учкуч: "Бортто баары жайында, ушул бийиктикте учууга уруксат бергилечи";
Диспетчер: "Азербайжан 82-43, силерди башкаруу мунарасынан караган жокпуз. Мага бийиктигиңерди айткыла";
08:26, учкуч: "Биздин бийиктигибиз 80";
08:26, диспетчер: "Азербайжан 82-43, 100-деңгээлге жетүүгө аракет кылгыла";
08:26, учкуч: "Жок, жете албайбыз";
Саат 8:39да учак башкаруу системасын жоготкон. Саат 08:52де учкучтар жүргүнчү салонунда кычкылтек түгөнүп, адамдар эсин жогото баштаганын айтышкан. Экипаж кычкылтек багы жарылган деп болжолдоп, он мүнөттөн кийин алар Актауга авариялык конууну суранган.
"Азербайжан аба жолдорунун" экипажы менен кийинки сүйлөшүүлөрдү Актау диспетчерлери жүргүзөт.
Саат 09:02:56, учкуч: "Азербайжан 82-43, Актау вышка кутмандуу күнүңүздөр менен. Руль башкарууну жоготту, учакты газ менен башкарып жатабыз. 11-тилкеге авариялык конууну суранабыз";
09:03:13, диспетчер: "Азербайжан 82-43, кутмандуу күн. Маалымат алынды, руль менен гана башкарыңыз, 1800 фут ылдый түшүңүздөр. Аэропортко кирүү ыңгайлуу болору менен бизге айтыңыз";
09:03:34, учкуч: "Биз 1800 фут бийиктикке түшүп жатабыз. Биз визуалдык түрдө киребиз. Азербайжан 82-43. Биз газ менен башкарып жатабыз";
09:06:44, учкуч: "Актау вышка, бизди түз кире тургандай кылып бергиле";
09:06:50, диспетчер: "Кабыл алынды, түз кирүүгө даярдангыла";
09:06:56, учкуч: "Азербайжан 82-43, бизди бурулбай түз киргидей кылып бергилечи";
09:07:05, учкуч: "Кабыл алдыңыздарбы? Азербайжан 82-43";
09:07:08, диспетчер: "Кабыл алынды, 0-5-5 курсун улантыңыз;
09:07:13, учкуч: "0-5-5 курсун улантып жатабыз";
09:15:30, диспетчер: "Азербайжан 82-43, учурдагы курсуңуздарды айтыңыздарчы";
09:15:34, учкуч: "Азербайжан 82-43, курсубуз 112";
09:21:43, диспетчер: "Азербайжан 82-43, 20 градус, шамал секундасына беш метр, 11-тилке тазаланды, конууга уруксат берем";
09:21:49, учкуч: "Азербайжан 82-43, 11-тилкеге конуу кабыл алынды";
09:23:21, учкуч: "Бурулуш жасайбыз, колдон келсе киребиз. Азербайжан 82-43";
09:23:24, диспетчер: "Азербайжан 82-43, кабыл алынды. Конууга уруксат, шамал 20 градус";
09:23:29, учкуч: "Кабыл алынды, Азербайжан 82-43".
Ушуну менен учкучтар диспетчерлер менен сүйлөшүүнү уланткан эмес.
Эске салсак, AZAL авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга учуп бараткан Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Актауға жакын жерде кулап түшкөн. Учактагы 67 адамдын 38и каза болуп, 29у аман калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак физикалык жана техникалык тышкы кийлигишүүнүн натыйжасында кулаган.