Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн дагы 90дой кыз аныкталды (фото)

Бишкекте милиция менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте "Притон" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан 50гө жакын ар кандай жайлар (сауналар, суткалык батирлер, мейманканалар жана интим кызматтарын көрсөтүү үчүн сойкуканалар) текшерилип, анда интим кызматтарын көрсөтүү менен алектенген 90го жакын кыздар аныкталган.

Мындан тышкары кызматкерлер тарабынан 60 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон 2 адам табылган.

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 120га жакын протокол түзүлүп, ар кандай укук бузуулар үчүн 500 миң сомго жакын айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан