Чүйдө 507 миң доллар алдамчылык ишине шектелген аял кармалды

Аламүдүн районунда жер махинациясына шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июлда милицияга бир жаран арыз менен кайрылган. Ал Мыкан айылында жайгашкан 0,4 гектар жер тилкесин трансформациялоону убада кылган тааныш аял 2020-2021-жылдары анын атынан жасалма ишеним кат даярдап, жерин 25 жерге ​​бөлүп, там салуу үчүн башкаларга сатып жибергенин айткан. Мындан улам жабырлануучу 507 миң доллар (44 миллион 410 миң сом) зыян тарткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү делген 60 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан