"Банктар аралык процессинг борбору" өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгиледи. Юбилейлик жана 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чарага финансы институттарынын жетекчилери, чет элдик өнөктөштөр, адистештирилген жана мамлекеттик органдардын, ошондой эле соода жана тейлөө ишканаларынын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстанда 2024-жылдын 4-августунда ишин баштаган “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК Элкарт Улуттук төлөм системасын түзүп, жыйырма жылдан бери үзгүлтүксүз ишин, толук көз карандысыздыгын жана коопсуздугун сактап келет. Өзүнүн ишинин жүрүшүндө команда өлкөдө калк тарабынан накталай эмес төлөмдөрдүн инфраструктурасын гана курбастан, рынокко ыңгайлуу санариптик кызматтардын бүтүндөй экосистемасын сунуштай алды.
Салтанаттуу иш-чарада “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК активдүү өнөктөштөрүн сыйлап, алардын кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. Коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, мамлекеттик органдар жана соода жана тейлөө ишканалары «Элкарттын» 2024-жылдагы позициясын чыңдоого жана накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн сыйлыктарга ээ болушту. Бул сыйлыктар ишенимдин жана натыйжалуу кызматташтыктын символу болуп калды.
Юбилейлик иш-чаранын алкагында компаниянын негиздөөчүлөрүнө жана буга чейин "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты башкарган жетекчилерге өзгөчө көңүл бурулду. Бул инсандар компаниянын ийгиликтүү өнүгүү жолун түзүп, келечектеги чоң максаттар үчүн бекем пайдубал түптөшкөн.
«Биз бүгүн өткөн жолубузду эске салып, компаниянын калыптанышына салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдиргенибизге кубанычтабыз. Тарыхты адамдар жаратат. Бүгүн биз жетишкендиктерибизди белгилөө менен катар, биздин ийгиликтерге өбөлгө түзгөн адамдарды да эстеп жатабыз», - деп белгиледи башкармалыктын төрайымы Каныкей Жамангулова.
Кеченин маанилүү бөлүктөрүнүн бири эл аралык өнөктөштөр катышкан панелдик талкуу болду. Анда трансчек аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, төлөм технологияларын өркүндөтүүдө эл аралык интеграциянын маанилүүлүгү баса белгиленди.
"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын жетекчиси Кыргызстан чегинен тышкары да төлөм чечимдерин өнүктүрүү пландары менен бөлүшүп, өлкөлөр аралык кызматташтыкты чыңдоого басым жасады.
"Банктар аралык процессинг борборунун" башкы директору Александр Сотников Беларустун улуттук төлөм системасын заманбап шарттарга ылайыкташтыруу тажрыйбасы жөнүндө айтып берсе, ал эми UZCARD компаниясынын аткаруучу директору Олимжон Закиров Өзбекстанда төлөм технологияларын өнүктүрүү келечеги тууралуу ой бөлүштү.
«Биздин ар бир жетишкендигибиз - бул жамаатыбыздын, өнөктөштөрүбүздүн жана компаниянын өнүгүшүнө салым кошкон ар бир кызматкердин эмгегинин жыйынтыгы. Биз ар бириңиздерге демилгеңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана алдыга умтулууңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Бул "Банктар аралык процессинг борбору" лидерлик позициясын сактап гана тим болбостон, алдыга коюлган амбициялуу пландарды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк берет», - деп баса белгиледи Каныкей Жамангулова.
"Банктар аралык процессинг борбору" мындан ары да Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана интеграциялоо багытында иш алып барууну улантат.