Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна 500 түп тянь-шань карагайы отургузулду. Бул туурасында бүгүн, 30-январда ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чара министрликке караштуу Токой кызматы тарабынан уюштурулган. Бул иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, ошондой эле жол боюн жашылдандырууга өбөлгө түзө тургандыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, быйыл Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолдун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу өнөктүгү пландаштырылууда.