Нарын шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-январь түнү милицияга "Тез жардам" кызматы шаардын 64 аймагынан бир жаран бычак жаракат алгандыгын кабарлаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Нарын шаарынын 29 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалган.
Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери шектүү менен 29 жаштагы Т.К. аттуу жаран өз ара келишпестиктен улам уруша кетишип, К.А. жабырлануучуну бычак менен сол колунун ийин тушуна сайып жибергени аныкталган. Натыйжада Т.К. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, алган жаракатынан улам каза болуп калган. Ал эми кылмышка шектүү окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Учурда шектүү кармалып, тергөө иштери уланууда.