Бишкекте энеси таштандыга таштап кеткен ымыркай чарчап калды

Таштанды таштоочу урнадан табылган жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Маалыматка ылайык, наристе 1-февраль күнү ооруканада чарчап калган.

Эске сала кетсек, 29-январда Бишкекте таштанды салынган урнадан жаңы төрөлгөн наристе табылганын Ленин РИИБи маалымдаган. Милициянын маалыматына ылайык, ымыркай 28-январь эртең менен мектеп окуучулары тарабынан табылган. Аталган окуя боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козгон.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 29-январда, таштанды салынган урнадан табылган ымыркайдын абалы туруктуу оор экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан