"Банктар аралык процессинг борбору" Казакстандын "Улуттук төлөм корпорациясы" менен меморандумга кол койду

31-январь күнү Almaty Digital Forum 2025 алкагында Кыргызстан менен Казакстандын каржы индустриясы үчүн маанилүү окуя болуп өттү. "Банктар аралык процессинг борбору»" ЖАК менен Казакстан Улуттук банкынын "Улуттук төлөм корпорациясы" ААКсы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Бул документ инновациялык, маалыматтык, аналитикалык жана эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндө биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн негиз болот. Негизги максат - калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн эки өлкөнүн ортосунда интеграцияланган төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү.

"Меморандумга кол коюу региондун каржылык экосистемасынын чыңдалышына карай маанилүү кадам болуп саналат. Санариптештирүү доорунда биз өлкөлөрүбүздүн жарандары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз төлөмдөрдү камсыз кыла турган алдыңкы чечимдерди ишке ашыруу үчүн зор потенциалды көрүп жатабыз", - деди "Банктар аралык процессинг борборунун" төрайымы Каныкей Жамангулова.

Меморандум инновациялык технологияларды биргелешип ишке ашырууга, финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого негиз түзөт. Эки тарап тең күч-аракеттерди жана технологияларды интеграциялоо эки өлкөнүн каржы системасын өнүктүрүү үчүн жаңы горизонтторду ачат деп ишенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан