2024-жылы Кыргызстанда 102 өнөр жай ишканасы ачылды, бул рекорддук көрсөткүч. Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө өнөр жайдын кошкон салымы жана бул тармактагы жетишкендиктер, алдыдагы пландар тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын жетекчиси Арслан Базиев маек курду.
- Кыргызстандын экономикасындагы өнөр жайдын орду кандай? Бул сектор ИДПдагы үлүшү, жумуш орундарын түзүүдөгү ролу жана экспорттук дарамети кандай? Бул тармак кандай темпте өнүгүп жатат?
Кыргызстанда өнөр жай тармагы улуттук экономиканын артыкчылыктуу багыты катары өнүгүүгө кошкон салымы абдан чоң. 2024-жылы бул тармак ИДПга 16,5% салым кошту жана бул жалпы экономиканын бештен бирин түзөт.
Өнөр жайды өнүктүрүүнүн негизги максаты – атаандаштыкка туруктуу продукцияны өндүрүү жана регионалдык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү, бул Кыргыз Республикасынын аймактык экономикалык байланышты түзүүдө орду чоң.
Өнөр жай канчалык өнүккөн сайын, өлкөнүн экономикалык дарамети ошончолук бекемделет. Бул биринчи кезекте калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана экономикадагы жаңы өзгөрүүлөргө өбөлгө болот.
- 2024-жылы 100 өндүрүш ишканасы ачылды. Муну рекорддук жетишкендик катары бааласа болобу?
“100 өнөр жай ишканасы – 2024” долбоору Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик органдар, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ишкерлер, ошондой эле банк жана фонддор менен тыгыз кызматташуусунун натыйжасында жемиштүү ишке ашты.
“100 өнөр жай ишканасы – 2024” долбоорунун алкагында 102 өнөр жай ишканасы ишке кирди: жалпы инвестициянын суммасы 769,8 млн АКШ долларын түзүп, 8 315 жумуш орду түзүлдү.
Ишканалар түрдүү тармактарда: курулуш материалдарын өндүрүү жана энергетикадан баштап, жеңил өнөр жай жана тамак-ашты кайра иштетүү тармактарына чейин камтыды.
102 ишкананын ачылышын рекорддук көрсөткүч катары карасак болот. Бул долбоорлордун үзүрүн бир канча жылдан кийин, ишканалар толук кубаттуулукка киргенден кийин көрө баштайбыз.
Ошондой эле жумуш ордун түзүү, ИДПнын өсүшү жана салыктык кирешеси да убакытты талап кылат. Алардын экономикага кошкон салымын толук баалоо үчүн дагы 2-3 жыл керек болот.
- 2024-жылы кайсы тармактар өнөр жайдын өсүшүнө көбүрөөк салым кошту?
- Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2024-жылы Кыргызстандын өндүрүшү 2023-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу тазаланган нефть продуктуларын өндүрүү (1,9 эсе), жыгач жана кагаз продуктусу, полиграфиялык ишмердүүлүк (30,5%), азык-түлүк (суусундуктарды кошкондо) жана тамекиден (20,1%), текстиль жана кийим-кече өндүрүшү (15,3%), фармацевтикалык продукция (21,7%), резина, пластмассалык буюмдар жана курулуш материалдары (10,8%), ошондой эле тоо-кен казып алуу (4,0%) көрсөткүчкө өстү.
Өнөр жайдын өсүшүнө мамлекеттик колдоо, ишканалардын жеке каражаты жана аймактын ички ресурстарын активдүү колдонуу өбөлгө болду.
Мисалы жеңил өнөр жайы, нефть продукттарын өндүрүү, машина куруу тармактарында ири ишканалар, ошондой эле цемент, клинкер жана кыш заводдору жакшы жыйынтык көрсөтүп жатат.
- Аймактарда кайсы тармактар көбүрөөк басымдуулук кылат?
- Бул биринчиден ошол аймактын табигый ресурстарынан көз каранды, мисалы: көмүр, акиташ, гипс жана башка байлыктар инвесторлорду тартат. Экинчиден, инфратүзүмү өнүккөн болушу керек: транспорттук жана логистикалык тармактар. Үчүнчүдөн, жумушчу күчүнүн квалификациялык деңгээли жана билим берүү мекемелеринин бар болушу да маанилүү. Жана албетте, саясий туруктуулук жана жергиликтүү бийликтин колдоосу инвесторлордун келишине шарт түзөт.
Кыргызстанда аймактардагы айрым өнөр жай тармактары локомотив эсептелет, мисалы: Ош облусунда айыл чарбасы жана айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү жакшы өнүккөн, бул жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү элдин турмушун жакшыртат. Чүй облусу борбор шаарга жакын болуп, инфратүзүмү өнүккөндүгү үчүн жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары жакшы өнүккөн. Ал эми Ысык-Көлдө туризм жана экотуризмге басым жасалат.
- Аймактар көбүрөөк инвестиция тартуу үчүн эмне кылышы керек? Бул маселеде жаратылыш ресурстары, салыктык маселе, инфратүзүм, мамлекеттик колдоо программалары жана жергиликтүү ишкерлердин активдүүлүгү, жергиликтүү бийликтин демилгеси... Кимиси маанилүү роль ойнойт?
- Мында жаратылыш ресурстары чоң мааниге ээ, анткени инвесторлор сырьего бай аймактарды издешет. Ошондой эле салыктык жеңилдиктер жана салыктык мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүү бизнес үчүн жагымдуу шарт түзөт. Ал эми өнүккөн инфратүзүм ишти илгерилетүүнү кыйла жеңилдетет.
Андан сырткары, мамлекеттик колдоо программалары белгилүү бир тармактарга ири инвестиция тартууга көмөктөшө алат. Жергиликтүү ишкерлердин активдүүлүгү, мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуусу инвестициялык климатты жакшыртса, жергиликтүү бийликтин демилгелери экономикалык өсүүнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн катализатору боло алат.
- Өнөр жайы аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кандай таасир тийгизет?
- Өнөр жайы аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт. Жаңы ишканалар жумуш орундарын түзүп, жумушсуздук көйгөйүн чечип, жашоо сапатын жакшыртат. Ошондой эле ички миграция маселесин да чечүүгө шарт түзөт: жашоо шарты жакшы болсо, жергиликтүү тургундар өзү жашаган аймактан кетпейт.
- Ата мекендик өндүрүштү колдоодо мамлекет кандай чараларды көрүп жатат? Өнөр жай ишканалары үчүн субсидиялар, жеңилдиктер жана гранттар каралганбы? Бул мүмкүнчүлүктөрдөн кантип пайдаланса болот?
- Мамлекеттик органдар жана өлкө жетекчилиги ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча чарбалык субъекттерге жана өнөр жай ишканаларына жеңилдетилген насыяларды берүү, өндүрүштүк ишмердикти субсидиялоо сыяктуу түрдүү чараларды көрүүдө. Бул мүмкүнчүлүктөрдү алуу үчүн колдоо программасынын талаптарын аткаруу, инвестициялык келишимдерди түзүү, керектүү документтердин болушу жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө активдүү катышуу сыяктуу белгилүү шарттарды аткаруу зарыл.
Фискалдык колдоо чараларынын алкагында бизнестин ар кандай секторлору салыктык жеңилдиктерди жана башка преференцияларды ала алат, анын ичинде салыктын төмөндөтүлгөн ставкалары, айрым салыктардан бошотуулар, өнөр жай зоналарында жерлерди бөлүп берүү, алардан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү артыкчылыктуу сатып алуу аркылуу ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн стимулдар, ошондой эле инвестициялык келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү бар.
- Кадр маселеси кандай чечилип жатат? Кесипкөй адистер жетиштүүбү? Мамлекет бул маселени кантип чече алат?
- Кыргызстанда бардык тармакта кесипкөй адистер жетишпейт. Мисалы жеңил өнөр жайында жумушчулардын жетишсиздигинен өндүрүш кубаттуулугу 50%ы гана иштеп жатат. Туруктуу айлык акыга карабай, көпчүлүк үйдөн иштегенди тандашат, бул сапаттын начарлашына алып келүүдө. Андан сырткары көпчүлүк сыртка жумуш издеп кетип калышат.
2024-жылдын 31-майында министрлик бизнес-ассоциациялары жана мамлекеттик мекемелер менен атайын чогулуш өткөрүп, анда тигүү тармагынын экспорттук дараметин толук колдоо үчүн сырттан легалдуу жумушчу күчүн тартуу маселеси каралган.
Анда жергиликтүү жарандарды тигүү тармагына тартуу үчүн төмөнкү чаралар сунушталган:
- Жеткиликтүү ипотекалык насыялоо: жеңил өнөр жайында иштегендер үчүн мамлекеттик ипотекалык насыялоо линиясын киргизүү жана цехтерге жакын жерлерге бала бакчаларды куруу.
- Социалдык кампаниялар: социалдык видеороликтер аркылуу бул тармактын артыкчылыктарын көрсөтүү менен эркектерди да жумушка тартуу.
- Билим берүү жана адистерди даярдоо: өнөр жай үчүн технолог, конструктор жана IT-адистерин даярдоодо окуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизип, кесиптик билим берүү базаларын түзүп, тиешелүү адистерди чет жактан окутуу мүмкүнчүлүктөрү да сунушталган.
- Экология маселеси да маанилүү. Ишканалар кандай экологиялык стандарттарды аткарышы зарыл?
- Кыргызстандагы ишканалар мыйзамдарда белгиленген экологиялык нормаларды сактоого милдеттүү. Бул стандарттардын аткарылышын контролдоо Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан текшерүүлөр жана мониторинг жүзөгө ашырылат.
Кээ бир компаниялар, мисалы, “Кумтөр Голд Компани” туруктуу практикаларды, анын ичинде калдыктарды башкаруу системаларын жана эмиссияларды кыскартуу программаларын ишке ашырды.
- Өнөр жайды өнүктүрүүгө мындан ары кандай пландар коюлган? Кайсы багыттар приоритеттүү? Ишканалардын туруктуулугу үчүн кайсы стратегиялар колдонулат: мамлекеттик программаларбы, өнөктөштүкпү же инновациялык технологияларды киргизүүбү?
- Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү пландары экономиканы диверсификациялоого жана өндүрүш тармагынын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган. Приоритеттүү багыттар: тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана курулуш материалдарын өндүрүү. Бул жаратылыш ресурстарынын болушуна жана жумуш орундарын түзүү зарылдыгына байланыштуу.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2029-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 747 310,3 миллион сомдун тегерегинде болору күтүлүүдө.
2025-жылы 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүүгө көмөктөшүү иштери улантылат. Учурда “100 өнөр жай ишканасы – 2025” долбоорунун алкагында ачылышы пландалып жаткан ишканалардын тизмеси түзүлүүдө.
Өнөр жайда натыйжалуу башкаруу системасын түзүү жана Кыргызстандын аймактарына инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2025-2030-жылдарга өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууда.