eSIM'ди кошуп алып, Beeline'дан белекке 30 ГБ ылдам интернет алыңыз!

Замандан артта калбоо? Бул мүмкүн! eSIM'ди кошуп алып, SIM-картага байланбастан, Beeline'дын ишенимдүү байланышынан пайдаланыңыз. Сиз заманбап технологиялардын артыкчылыктары менен кошо 30 ГБ интернетти белекке аласыз!

eSIM деген эмне?

Бул кадимки SIM-карта сыяктуу иштейт, бирок смартфонуңузга желим SIM-картаны салуунун зарылдыгы жок. Эгер Сиз телефонуңузда бир эле учурда эки номерди колдонгуңуз келсе, жана, SIM-карталарды улам алмаштырууну каалабасаңыз, анда бул абдан ыңгайлуу чечим! Сиз аны «Мой Beeline» мобилдик тиркемеси же сатуу жана тейлөө кеңселеринде аркылуу оңой жана тез кошо аласыз.

eSIM'ди «Мой Beeline» мобилдик тиркемеси аркылуу кантип кошуу мүмкүн?

1. Мой Beeline'дын башкы бетинде «Beeline'дын абоненти болуу» бөлүмүнө өтүңүз.
2. «eSIM'ди алууну» басып, интерфейс тилин тандаңыз.
3. Тизмеден номерди тандаңыз.
4. Тарифти тандаңыз.
5. eSIM'ди активдештирүү үчүн QR-кодду алыңыз.
6. WhatsApp'ка байланган номерди көрсөтүңүз.
7. Нускамаларды аткарып, каттоодон өтүңүз.
8. Билдирмени текшерип, каттоону аяктаңыз.

eSIM'ди смартфонго кантип кошуу керек?

1. Телефонуңуз еЅIM'ди колдой турганын текшериңиз. Android смартфонун текшерүү үчүн *#06# териңиз: эгер ал eSIM'ди колдосо, EID идентификатору көрүнөт. Ал эми iPhone 13төн баштап бардык iPhone моделдери eSIМ'ди колдошот.
2. Интернет байланышыңызды текшериңиз.
3. «Настройки» → «Сотовая связь» же «Мобилные данные» бөлүмүнө өтүңүз.
4. «Добавить сотовый тариф» бөлүмүн тандаңыз.
5. QR-кодду сканерлеп, «Добавить сотовый тариф» баскычын басыңыз.

eSIM'ди кошуп, кантип 30 ГБ интернетке ээ болуу мүмкүн?

eSIM'ди активдештиргениңизде, Сизге 7 күнге 30 ГБ интернет берилет.

Көңүл буруңуз:
• Топтом бир гана ирет берилет жана автоматтык түрдө узартылбайт.
• Бул сунуш абоненттик төлөм төлөнгөн шартта гана жеткиликтүү болот.
• Топтом Beeline'дын жаңы жана учурдагы абоненттерине берилет.

eSIM'ди бүгүн активдештирип, Beeline менен бирге ыңгайлуулуктан, алдыңкы технологиялардан жана ылдам интернеттен ыракат алыңыз!

Бул мүмкүн! Бул Beeline!

КР СӨMгө караштуу БТЖСжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан