"Айдап келбей калышат". Депутат соода борборлордогу унаа токтоочу жайлардын баасын көтөрүүнү сунуштады 

Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Арсланбек Эгембердиев соода борборлордогу унаа токтоочу жайдын баасын көтөрүүнү сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, соода борборлордогу унаа токтоочу жайдын баасы арзан болгондуктан, анда иштеген жумушчулар сааттап унааларын токтотуп коюшат. Ал эми ал жакка барган кардарлар унааларын токтото албай убара тартат.

"Соода борборлордо кардарлар унаа токтоочу жайга унааларын токтото алышпайт. Себеби ал жерге ал жакта иштегендер коюп коюшат. Алар эртең менен токтотушат, ошол боюнча кечинде алышат. Эмне үчүн ал жердин бааларын 100-200 кылып койбойсуңар? Мисалы, ЦУМ соода борборундагы унаа токтоочу жайдын баасын саатына 100 сом кылып койсоңор, ал жерде иштегендерге бул баа ыңгайлуу болбойт. Мындан улам алар жумушка такси менен же автобуста келишет. Алардын унаасы эртеден баштап кечке чейин турса, 11-12 саатта 1200 сомдой чыгат. Анан унааларын айдап келбейт болчу. Азыр алар 25 сом төлөйт экен, бир күндө 250 сомдой болот, эртеден кечке унаасын ошол жерге коюп, унаа тыгынын жаратып жүрө беришет.

Ал эми эл дагы айтышы мүмкүн кымбат деп, тескерисинче, бул аларга ыңгайлуу болот. Келет, унаасын токтотот. Соода борборго келген кардарлар ашып кетсе 1-2 саат жүрөт да", - деди депутат.

Ал эми Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев аталган маселе каралып жатканын, депутат менен макул экенин билдирди. Ошону менен катар бул маселе жөнгө салына турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан