Депутат Алиев кесиптештери иштеп чыккан мыйзамдын пайдасы көбүрөөк экенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Facebook баракчасында аш-тойду тескеген мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.

Ал коомго өзгөрүү алып келе турган ар бир реформа жеңил болбостугун белгилеген.

"Менин жеке пикиримде, той-аштардагы ысырапкорчулукту чектөө боюнча мыйзам жалпы элге зыянынан пайдасы көбүрөөк деп ойлойм. Ийри отуруп, түз, маданияттуу кеңешеличи", - деп жазды ал.

Буга чейин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да Facebook баракчасына өз пикирин калтырып, мыйзамдагы айрым сунуштарга гана каршы экенин белгилеп, негизинен мыйзамды колдоого аларлык деп баалаган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Замирбек Мамасадыков менен Шайырбек Ташиев жамандык-жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгышып, документти коомдук талкууга чыгарышкан. Анда чакырылган коноктордун санына жана тойдогу кээ бир үрп-адаттарга чектөө киргизилери көрсөтүлгөн жана талапты аткарбагандар айыпка жыгылары жазылган. Мыйзамда эрежелер кантип, ким тарабынан көзөмөлгө алынары дагы белгиленген.

Сунушталган документ коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, SUPER.KG порталы бул боюнча эл өкүлдөрүнүн пикирлерин да угууга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан