Президент Садыр Жапаров февраль айында Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу ал Кытайдын "Синьхуа" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барарын жана Харбин шаарында өтүүчү Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышарын айткан.
"Мен кымбаттуу досум Си Цзиньпин мырза менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Биз жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечектеги милдеттерди белгилеп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууларга жетишебиз деп ойлойм.
Сапарымдын жыйынтыгында Кыргызстан менен биздин улуу кошунабыз Кытай Эл Республикасынын ортосундагы баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жаңы дем бере турган биргелешкен декларацияга жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коёбуз.
Мен Кытайга көп жолу баргам, ар барганымда анын кооздугуна, кайталангыс мүмкүнчүлүктөрүнө жана таасирдүү жетишкендиктерине суктанып келем", - деген Жапаров.