Японияда 1972-жылдан бери алгачкы жолу бир метрден ашык кар жаады (видео)

Бүгүн, 4-февралга караган түнү Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралында рекорддук көлөмдө кар жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 6 сааттын ичинде Обихиро шаарында жааган кардын калыңдыгы 120 сантиметрге жеткен. Арал өлкөсүндө акыркы жолу мынчалык калың кар 1972-жылы жааган. Япония деңизинин жээгиндеги райондордо бороон-чапкын болуп жатканы айтылууда.

Аралдагы кардын жаашы 6-февралга чейин созулат деп күлүп жатат. Синоптиктер мезгилдин эң суук аба массасы келерин эскертишүүдө.

04.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан