"Бир базарда башка баа, экинчисинде такыр башка". Депутат азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөөгө чакырды

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков азык-түлүктүн баасын бир калыпка түшүрүү керектигин айтты.

Ал базарларда баа ар кандай болуп жатканын белгилеп, бул боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын иш алып барууга чакырды.

"Бир базарда эттин баасы башка, экинчисинде такыр башка. Эми картошканын баасын көрүп жатасыңар. Ушуну бир баага койсок. Эми дыйкандарды, соодагерлерди түшүнүп жатабыз, бирок элди дагы караш керек да. Жөлөк пул, пенсия алгандардыкы азык-түлүккө жетпей жатат", - деди Өмүрзаков.

Ошондой эле эл өкүлү тыштан кирген азык-түлүктүн сапатын текшерүүгө алуу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан