Орусия Украинанын Сумы шаарына жакын жердеги Стецковка айылынын аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине "Искандер-М" оперативдүү-тактикалык ракеталык комплексинен ийгиликтүү сокку урду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн Телеграм каналына жазды.
"Соккунун натыйжасында 50дөн ашык брондолгон аскердик унаалар жок кылынды", - деп билдирди Коргоо министрлиги.
Орусиянын Коргоо министрлиги "Искандер" соккусу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык коргонуу бөлүктөрүнүн көп сандагы согушкерлери жайгашкан жерде жасалганын белгиледи.
Мындан тышкары орус Коргоо министрлиги объектти талкалоо учурунда Киевдин ок-дарыларды сактоочу жайы да жок кылынганын баса белгиледи.
Соккудан адамдардын каза болгондугу тууралуу маалымат айтылган жок.