Эгер Тель-Авив тоскоолдук кылбаганда Тегеран 10 жыл мурун өзөктүк куралга ээ болушу мүмкүн эле. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.
"Иран өзөктүк куралга ээ болорунда эч кандай шек жок. Эгер биз аларды токтотуу үчүн ар кандай чараларды көрбөгөнүбүздө, балким, алар 10 жыл мурун эле ээ болмок", - деген ал.
Нетаньяху бирок Тегерандын өзөктүк куралга умтулуусун толугу менен токтото албаганын кошумчалаган.