Чүйдө өрт өчүрүүчүлөр эки кабаттуу үйдү тилсиз жоодон сактап калды (видео)

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жайгашкан турак үйдүн жанындагы мончо менен сарай өттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо бүгүн, 6-февралда чыккан. ӨКМге бул боюнча маалымат түшөрү менен жерине өрт өчүрүүчүлөр жиберилип, алар эки кабаттуу турак үйгө тилсиз жоону өткөрбөй сактап калышкан. Тилекке каршы, мончо менен сарай толугу менен күйүп кеткен.

Министрлик кырсыктан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

06.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан