Назира Айтбекова "Сүйүктүүңүз барбы?" деген суроого жооп берди (видео)

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова "Сүйүүңүздү таптыңызбы?" деген суроого жооп берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда Бишкекте өткөн "Бул махабат" тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө SUPER.KG порталына билдирди.

– "Бул махабат" деген сүйүү тууралуу тасма экен. Сүйүү жөнүндө сүйлөп бериңизчи?

– Сүйүү бул жашоонун өзөгү, маңызы. Бардык нерсе сүйүүдөн турат деп ойлойм. Жашоонун өзү - сүйүү. Ошон үчүн сүйгөндү билишибизи керек. Сүйгөндө дагы жөн эле сүйүү эмес, акылыңды жоготуп сүйүү эмес, дени сак мамиле менен курулган сүйүү менен сүйүш керек деп ойлойм.

– Учурда сизде ошондой сүйүү барбы?

– Албетте, эми сүйүүсүз адам болбойт. Менин азыр толуп-болуп турган курагым. Эми сүйгүм келип турган учур. 40 жашта сүйүү келет деп коёт экен. Албетте, сүйүү болот, ар бир адамда болушу керек деп ойлойм.

Казакстандын “Бул махабат” тасмасы кыргызчаланып, бүгүндөн тарта кыргыз журтуна көрсөтүлө баштады. Сүйүүнү айылдын кооздугу менен айкалыштырган романтикалуу тасманы кинотеатрлардан көрө аласыз.

Ал эми жабык көрсөтүүдөн даярдалган репортажды толугу менен SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан