АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди, өзүнүн тынчтык планына ылайык, Пасха майрамына карата Орусия менен ок атышууну токтотууга мажбурлоого аракет кылууда. Бул тууралуу Улуу Британиянын Daily Mail агенттиги жазды.
Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту бир күндө токтото аларын айткан Трамп эми согушту 100 күндүн ичинде токтотуу үчүн аракет кылууда.
Daily Mail басылмасы жазгандай, Украинанын саясий жана дипломатиялык чөйрөсүндө белгилүү бир план талкууланып жатат. Бул план 20-апрелге чейин ок атышууну токтотууну, Украинанын НАТОго кирүүсүнө тыюу салууну жана Киевден Орусиянын аннексияланган аймагын таанууну талап кылат.
Эгер бул план таанылса, украин аскерлери август айында контрчабуулун баштаган Курск облусунан кетүүгө аргасыз болушат. Мындан тышкары демилитаризацияланган зонаны кайтарууга НАТОнун аскерлери чакырылат. Америкалык аскерлер бул контингентке катышпайт.
Буга чейин Зеленский биринчи америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолугуусу керектигин, андан кийин гана Орусия менен сүйлөшүүгө өтүүгө болорун айткан.
Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия жана Украина өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландалып жатканын билдирген.