Баткенде унаа айдап качкан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-февралда саат 22:45 чамасында Баткен районунун Жаны-Жер айылында борбордук мечиттин жанынан белгисиз жаран "Daewoo Matiz" үлгүсүндөгү унааны айдап качып кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факты боюнча Баткен облусунун аймагында "Курчоо" планы киргизилген. Жыйынтыгында кылмыш изи сууй электе Кадамжай шаарында унааны айдап бараткан Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну, 2010-жылы туулган Ы.А. аттуу жаш өспүрүм кармалды.