Кыргызстандын Триатлон федерациясы менен өнөктөш компаниялардын тобу Ош шаарында федерациянын филиалын ачуу максатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Учурда Ош шаарынын ишкерлер тобу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде калаанын чок ортосунда чоң спорт борборун куруп жатышат. Анда федерациянын жаңы бөлүмү жайгашат. Меморандумдун алкагында Триатлон федерациясы аталган борбордун адистерин: машыктыруучуларды, калыстарды даярдоо, ошондой эле триатлон боюнча керектүү инвентарларды жана жабдууларды камсыз кылуу, триатлон жана ага тиешелүү дисциплиналар боюнча мелдештерди өткөрүү милдетин алды. Ошентип, ушул жылдын аягында Оштун триатлончулары индор-триатлонго катыша алышат!
"Бул долбоордун ишке ашырылышы Ош шаарынын спорт инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү чоң кадам болуп саналат. Шаарда триатлон, сууда сүзүү, велосипед тебүү жайыла баштайт – мунун баары жарандарга активдүү жашоо образын жана үй-бүлөлүк спорттук эс алуусун чыңдоого алып келет, - деди журналисттерге Триатлон федерациясынын президенти, "Алканов" компаниялар тобунун ээси Чыңгыз Алканов.
Өзгөчө маанилүүсү борбор инклюзивдик болот, башкача айтканда, майыптыгы бар адамдар көрсөтүлүп жаткан спорттун бардык түрлөрүнө катыша алышат.
"Федерациянын атынан мен бул долбоордун бир бөлүгү болгонубузга абдан кубанычта экенибизди айткым келет, анткени биз триатлонду жашына, жынысына жана жөндөмдүүлүгүнө карабастан бардыгына жеткиликтүү кылууга умтулабыз. Мен ишкер катары Ош шаарындагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн жогорку социалдык жоопкерчилигин белгилегим келет жана бул долбоор өлкөбүздөгү бизнес менен мамлекеттин өнөктөштүк кызматташтыгынын дагы бир мисалы экенин кубаныч менен белгилегим келет”, - деди ал.
Келечектеги спорт борбору 4000 чарчы метр аянтты ээлейт. Анда сууну фильтрациялоонун заманбап системасы бар бассейн, кардиозонасы бар кенен жайлуу бөлмө (чуркоо жана велосипед залы), сауна, массаж бөлмөсү жана башка көптөгөн нерселер болот. Долбоордо эң негизги нерсе – 50 метрлик олимпиадалык стандарттагы бассейн. Велоспорттун сүйүүчүлөрү үчүн дагы абдан ыңгайлуу нерсе – бул борбордон шаардык стадиондун 400 метрлик чуркоо аянтчасына 2 мүнөттө жетесиң.
Белгилей кетсек, триатлон - өз ичине сууда сүзүү, чуркоо жана веложарышты камтыган спорт түрү. Триатлон федерациясы Кыргызстанда 9 жылдан бери иштеп келет жана бул аралыкта бир нече жолку Азия чемпиондорун тарбиялап чыгарса, былтыр Парижде өткөн Паралимпиада оюндарына өлкөбүздүн атынан эки пара-спортчу – федерациянын мүчөлөрү катышкан.
Ошондой эле Кыргызстандын Триатлон федерациясынын активдүү катышуусу менен 2024-жылы Бишкекте Борбор Азиядагы биринчи инклюзивдик триатлон борбору ачылган.