“Бишкек автобекетинде” билеттерди алдын ала брондоо системасы ишке киргизилди

Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу автобекеттерде билеттерди алдын ала брондоо жана сатып алуу системасын ишке киргизгенин маалымдады. Бул система эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн билеттерди tezket.kg сайтынан 10 күн мурун брондоого мүмкүнчүлүк берет.

Сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Маршрут тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт.

Учурда кадимки тартипте “Бишкек автобекети” (Алма-Ата көчөсү, 1/1) жана убактылуу иштеп жаткан батыш автовокзалы (“Ак-Кула” ат майданынын жанында) иш алып барууда.

“Бишкек автобекетине” төмөнкү муниципалдык транспорт каттамдары жүрөт:
• Автобустар: №13, №34 жана №8(Т)
• Кичи автобустар: №123 жана №128

“Ак-Кула” ат майданына төмөнкү автобустар каттайт:
• №13, №40 жана №32

Убактылуу иштеп жаткан батыш автовокзалында билеттерди алдын ала брондоо жана сатуу системасы техникалык маселелер чечилгенден кийин жакынкы аралыкта ишке киргизилери кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан