"Күн жылыса асфальт басылат..." Ошто эки деңгээлдүү жолдун бир бөлүгү шагыл төшөлүп ачылды (видео) 

Ош шаарындагы Монуев көчөсүндөгү эки деңгээлдүү жолдун курулушунун биринчи этабы аяктады. Учурда көпүрөнүн алдыңкы бөлүгү убактылуу унаалардын өтүүсүнө ачылды. Бул туурасында бүгүн, 10-февралда мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, асфальттоо иштери күн жылыганда башталат.

“Эки деңгээлдүү жолдун астынкы кабаты шагыл төшөлүп эле, убактылуу ачылды. Унаа тыгындары жаралып жатканына байланыштуу коомчулуктун кайрылуусу менен убактылуу ишке берилди. Бирок көпүрөнүн үстүнкү бөлүгүндө жумуштар токтобойт. Масалиев көчөсү аркылуу Ош шаарынан чыгып кете алышат. Ал эми Мады тараптан унаалар шаарга кире алышат”, - деп айтылган билдирүүдө.

Ал эми шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев бул иштер убактылуу экендигин айтып, күн жылыганда асфальт басыла тургандыгын белгиледи.

Оштун кире беришиндеги жол унаалар үчүн убактылуу ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан