ӨКМге радиоактивдүү заттарды ташуучу унаа тапшырылды

ӨКМге караштуу Республикалык адистештирилген комбинаты мамлекеттик мекемесине радиоактивдүү заттарды ташууга багытталган ISUZU NQR 90 L үлгүсүндөгү адистештирилген унаа тапшырылды. Бул тууралуу 11-февралда министрликтен билдиришти.
Ага ылайык, иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, президенттин администрациясынын башкы эксперти Гүлүмкан Бектурова катышты.
Жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннаны түзгөн бул унаа радиоактивдүү калдыктарды атайын контейнерде ташуу үчүн колдонулуп, зыяндуу заттарды коопсуз алып өтүүдө зарыл элементтер менен жабдылган.
Аталган техника өлкөгө Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) аркылуу АКШнын Энергетика министрлиги тарабынан гуманитардык жардам катары берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан