Америкалык миллиардер жана АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңешчиси Илон Маск OpenAI коммерциялык эмес уюмун сатып алуу сунушун киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Белгилүү болгондой, OpenAI коммерциялык эмес уюму ChatGPT чат ботун түзүү менен таанымал. Аталган бот 2022-жылдын ноябрь айында ишке киргенден кийин популярдуулукка ээ болуп, бир жумага жетпеген убакытта өзүнүн биринчи миллион колдонуучусун топтой алган.
Ал эми OpenAI'дын башкы директору Сэм Альтман Масктын сунушуна макул эместигин билдирген. Ал бул тууралуу Х социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Жок, рахмат. Эгер кааласаңыз биз сиздин Х социалдык тармагыңызды сатып алалы", - деп жооп жазган.
Белгилей кетсек, 2015-жылы Илон Маск OpenAI'дын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Кийинчерээк ишкер аталган компания менен мамилесин үзгөн.