Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри, Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Абдулла бин Тук Аль-Марри менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, тараптар Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги үчүнчү жыйынын ушул жылы Бишкекте өткөрүүнү макулдашышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелери, экономиканын келечектүү багыттары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн перспективалары талкууланды.
Мындан тышкары эмират тарап Бишкекте өтө турган “Борбор Азия жана Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумга катышарын ырастады.