Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жалпы республикалык тестке каттоо 3-февралда башталган, ал 4-апрелге чейин созулат. Ал эми тест болжол менен 15-майдан 21-майга чейин өткөрүлөт.
ЖРТга кимдер катыша алат?
Каттоодон өтүү үчүн керектелүүчү документтер:
Каттоо акысы:
Маанилүү: Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Негизги тестти тапшырбастан, предметтик тестти тапшырууга болбойт.
Каттоо кайда жүргүзүлөт?
Каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында жүргүзүлөт.
Онлайн каттоо үчүн эмнелер керектелет?
Негизги тесттин түзүлүшү:
Билим берүү министрлинин буйругуна ылайык 2024-жылдан тартып өлкө ЖОЖдоруна тапшырган абитуриенттер үчүн мамлекеттик тил боюнча тест милдеттүү болуп саналат. Бул тесттин жыйынтыктары ЖОЖдорго кабыл алууда таасир этпейт. Бирок негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары (ЖРТ сертификаты), мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылмайынча берилбейт.
ЖРТга кимдер катыша албайт?
Өздүгүн тастыктаган документи же ЖРТга каттоосу жок абитуриенттер текстке киргизилбейт. Мектептин 11-классынын (колледждин, техникумдун бүтүрүүчү курсунун) окуучусу 16 жашка толо элек болсо, анын өздүгүн ырастоочу документ катары мектептен берилген окуучунун сүрөтү бар маалым каттын түп нускасы жана анын электрондук сүрөтү кабыл алынат. Анда окуучу аты, фамилиясы, атасынын аты, мектептин аталышы 11-классынын (колледждин, техникумдун бүтүрүүчү курсунун) окуучусу экендиги жазылышы керек.
Маалым катта анын берилген күнү көрсөтүлүп, мектептин (колледждин, техникумдун) директорунун колу коюлушу керек. Окуучунун сүрөтү мектептин (колледждин, техникумдун) мөөрү менен ырасталышы керек. Мыдан тышкары каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.
Маанилүү: Кыргызстандын чегинен сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл. Жогоруда белгиленген керектүү документтердин баарынын болушу керек.
ЖРТга онлайн каттоо боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот: (0312) 66-48-38, (0500) 66-48-38, (0550) 66-48-38, (0222) 66-48-38.
Жалпы республикалык тест – бул Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жана жөндөмдөрүн баалоо үчүн өткөрүлгөн экзамен. ЖРТ жыйынтыктары менен бүтүрүүчү өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшыра алат. Бул тестирлөө 2002-жылдан баштап Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмалары борбору тарабынан өткөрүлөт.