Бишкектеги №72 мектептин окуучусунун өлүмү боюнча классташтары билдирүү таратышты (видео) 

Бишкек шаарындагы №72 мектептин окуучусунун өлүмүн баяндаган видео социалдык баракчаларга тарады. Анда Аннас аттуу каза болгон баланын классташтары видео тартып окуя тууралуу билдиришкен.

"Аннастын өлүмү боюнча чын маалыматтарды айтып чыгууну туура көрдүм. Бул видео окуя болгон күнү тартылган. Аннас менен бирге Нурель аттуу классташ балабызды 9-класстын окуучусу чакырып кеткен. Азыр анын атын атабай эле коеюн. Ал жакта эмне болгонун толук билбейм. Алар сүйлөшүп бүткөн соң 9-класстын окуучусу Аннастын кабыргасына бир койгон. Ал эс-учун жоготкон соң, медициналык бөлмөгө алып барышкан. Ал жерде өтө көп окуучу балдар болгон. Бөлмөнүн ичинде Аннас бир аз өзүнө келип, эч ким урбагандыгын билдирген. Анткени урган бала жанында тургандыктан корккон. Бирок кайра эс-учун жоготуп ооруканага жеткирилген. Окуяны билгендердин баары үстөмдүктөн улам ооз ачып, айта албаган. 4-февралда ал оорканада каза болгондугун угуп, үн катпай отурууга чыдабадык”, - деп баяндалган тасмада.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова №72 мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгонун айтып чыккан. Мындан соң Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын, иш райондук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин билдирген.

Ал эми окуядан кийин мэрия директор баш болгон бир нече мугалимдер иштен кеткенин билдирди.

13.02.2025
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан