Башкы прокуратура "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коомундагы мамлекеттин үлүшүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, 1994-жылы "ЭлКат" мамлекеттик жеке-өнөктөштүк мекемеси түзүлүп, үлүштүн 51 пайызына президенттин Иш башкармалыгы ээлик кылган. Ал эми 49 пайызы "Компьютердик технологиялар борбору" коомуна таандык болгон. 1998-жылы курам өзгөрүлүп, аталган борбордун ордуна "Айкөл-5" ЖЧКсы түзүлгөн. Президенттин Иш башкармалыгынын айрым кызмат адамдары "Айкөл-5тин" негиздөөчүсү болгон. Алар компаниянын 100 пайыз үлүшүнө ээ болуу үчүн башка негиздөөчүлөр менен жең ичинен сүйлөшүшкөндүгү маалыматта кошумчаланган.
“2006-2007-жылдары айрым адамдар өз кызмат абалынан пайдаланып, президенттин иш башкармалыгын курамдан чыгаруу боюнча мыйзамсыз сот чечимине жетишкени айтылды. Мамлекетке өзгөчө ири зыян келтирилген. Президенттин Иш башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери жана "Айкөл-5" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү К.З., Ш.С. жана башка адамдар коррупция боюнча айыпталып камакка алынды”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Биринчи май райондук соту "ЭлКат" компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүлөрү 3-апрелге чейин убактылуу кармоочу жайга камакка алганын билдирген. Айрым басылмалар УКМК "ЭлКат" компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөндүгүн жазып чыккан.