Бишкек шаарынын Ленин районундагы Фабричная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт 17:39да толук өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымалгандай, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар катталган эмес. Тилсиз жоо үйдүн 120 чарчы метр аянтын жалмап кеткен.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган дарегиктеги өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылганы
айтылган.