ХАМАС дагы үч барымтадагы адамды бошотту

Бүгүн, 15-февралда ХАМАС дагы бир алмашуунун алкагында үч барымтадагы адамды бошотту. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Алардын арасында Орусиянын жарандыгын алган 29 жаштагы Саша Труфанов, экинчи америкалык 36 жаштагы Саги Декель-Чен жана Аргентинанын 46 жаштагы жараны Яир Хорн. Үчөө тең 2023-жылдын 7-октябрында Нир-Оздо колго түшүрүлгөн.

Белгиленгендей, Израил өз кезегинде абактан 369 палестиналык туткунду бошотот.

Айта кетсек, бул 19-январда элдешүү күчүнө киргенден бери тараптардын алтынчы алмашуусу. Бул этапта жалпысынан ХАМАС 21 барымтадагыларды бошотсо, Израил 730дан ашык палестиналыктарды абактан чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан