Зеленский АКШ менен Мюнхенде жетишилбеген келишим боюнча үн катты

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус лидери Владимир Путин менен жолугушууга АКШ президенти Дональд Трамп менен бирдиктүү план түзүлгөндөн кийин гана макул болоорун билдирди. Мындай билдирүүсүн Украина лидери АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен болгон жолугушууда айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Украин лидеринин айтымында, анын өлкөсү тынчтык келишими мүмкүн болгонго чейин кошумча кепилдиктерге, атап айтканда коопсуздук кепилдигине муктаж. Ал ошондой эле ар кандай потенциалдуу тынчтык сүйлөшүүлөргө Европанын катышуусунун зарылдыгын белгиледи.

“Тынчтык келишимине Мюнхенде кол коюу мүмкүн эмес, анткени бул жер Мюнхен жана АКШ президенти Дональд Трамп жок. Биз бул жерде буга чейин кол коюлганы эсибизде”, - деп белгиледи Зеленский.

Кийинчерээк NBC телеканалына берген маегинде украин президенти АКШнын аскерий жардамы жок Киевдин жашоосу кыйындай тургандыгын айтып, Америка болбосо Орусия менен күрөшүү жөнүндө ойлонгусу келбей турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан