Блогер Аида Багышбекова акыркы окуялар боюнча үн катты

Ырчы, блогер Аида Багышбекова Youtube каналдардын бирине маек берип жолдошу жана жашоосундагы акыркы окуялар боюнча айтып берген.

Блогер айым социалдык баракчасына жарыялаган окуялар бир күндө болбогондугун айтып, алар баш кошконго чейинки маселелерден тарта, бирге турмуш кургандан кийинки жашоо экендигин билдирген. Ошондой эле боюнан түшүп калгандан кийин эмоциаларын көзөмөлдөй албай, жолдошу менен чырдаша кетип, ар кандай жагдайлар болуп кеткендигин айткан.

Мындан тышкары колундагы тиктирген жерлери боюнча да токтолгон. Ал өзү терезеге колу тийип кетип, тилдирип алганын белгилеген. Ошондой эле жолдошу менен ачкыч талашып жатып да колун канатып алганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Аида Багышбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына денеси көгөргөн жана көзүнө жаш алган видеосун жарыялаган.

Эскерте кетсек, Аида Багышбекова казакстандык Нурдаулет Толепберген аттуу блогер менен "Косылайык" телеберүүсүнөн таанышып, эки жаш былтыр октябрь айында баш кошушкан.

Блогер Аида Багышбекова акыркы окуялар боюнча үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан