Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, Жогорку Кеңеште “Ар-намыс” фракциясынан депутат Татьяна Левинанын кызматтык унаасы жасалма номур менен кармалды.
Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа 6-январь күнү борбор шаарда токтотулуп, текшерүүдө ал аталган депутатка таандык экени белгилүү болуптур (унаага тийиштүү мамлекеттик номур 0079 KG).
Маалыматка таянсак, материалдар бүгүн, 9-январда сотко жиберилет. Айдоочу административдик укук бузуу фактысы боюнча айыпталууда.