"Туура эмес болсо мандатымды тапшырам". Балбак Түлөбаев Ветеринардык кызматтын директорун жемеледи

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев мал союучу жайлардын абалына нааразы болду.

Жыйында ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Анда Түлөбаев мыйзамдагы "жаныбарларды белгиленбеген жерлерде коммерциялык максаттарда союу" деген түзөтүүнү алып салуу керектигин айтты.

"Себеби айылдагы элди "малыңарды касапканага алып барып сойдургула!" деп кыйнайсыңар. "Эл даяр эмес" деп айтканбыз, бирок ушуну кайра алып келипсиңер. Ветеринардык кызмат элди ойлобой эле, жеке бир максатты көздөп бара жатасыңар. Улугбек Сыргаболотович (ред.: Ветеринардык кызматтын директору), сиз көйгөйдү чечүүнүн ордуна өкмөттү жаманатты кылганы жатасыз.

Ушуга чейин базарлардагы касапканалардын оңолуп кеткенин көргөн жокмун. Төрт жыл мурун кандай болсо, ошол бойдон. Касапканалар, ветеринардык көзөмөлдөр оңолгон жок, эч нерсе өзгөргөн жок. Ишенбейсизби, жүрүңүз баралы? Меники туура эмес болсо мандатымды тапшырганга даярмын. Эгер сиздики туура эмес болсо кызмат ордуңузду тапшырасызбы?", - деди Түлөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан