Депутат Марипов өспүрүмдөрдүн компьютердик клубдарга кирүүсүн чектөө керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов өспүрүмдөрдүн компьютердик клубдарга кирүүсүн чектөө керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-февралда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда айтты.

Эл өкүлү компьютердик клубдар өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгына терс кесепеттерин тийгизерин белгиледи.

"Атышуу, өлтүрүү өңдүү мыкаачылыкка үндөгөн жаман оюндар болуп жатат. Мына ички иштер министринин орун басары да отурат, ушул боюнча иликтеп чыгып, жашы жете электердин компьютердик клубдарга кирүүсүнө туюу салсаңыздар!", - деди Марипов.

Ошондой эле ал ИИМдин каттоосуна алынган жүрүм-туруму начар балдарды жогорку окуу жайларга кабыл албоону сунуштап, андай балдар көнгөн жосунун ЖОЖго барганда деле уланта берерин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 18.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан