Борбордо кыргыз-грузин алакасы талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николоз Лалиашвилинин жолугушту.

ТИМ анда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланганын билдирди.

"Экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи" дешти ведомстводон.

Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан