Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-20-февраль күндөрү Кувейтке расмий сапар менен барат. Бул тууралуу ведомство бүгүн, 19-февралда маалымат таратты.
Анда маалымдалгандай, Кулубаев аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхьянын чакыруусу боюнча барууда.
Сапардын алкагында ТИМ башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалган. Алардын жүрүшүндө кыргыз-кувейт кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланат.
Мындан тышкары Кулубаев бир катар мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.