
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык байланыштар аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, шаардык мэриянын Билим берүү департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси У.А. курсташы "А." жоопкерчилиги чектелген коомунун директору М.А. менен туруктуу коррупциялык схема түзгөн.
"2023-2024-жылдары аталган ЖЧК 73 сатып алуунун ичинен 35 тендерде жеңүүчү болуп табылып, келишим түзүлгөн. Атаандаштыкты жасалма түрдө камсыздоо максатында бардык тендерлерге формалдуу түрдө "А." ЖЧКсынын директорунун келини Ж. аттуу жеке ишкер катышып келгендиги, бирок ал 2023-жылы салык каттоосун жоюу боюнча арыз бергендиги такталган.
Мындан тышкары департаменттин аталган коом менен түзгөн эки контрактта баалар 246,4 миң сомго жогорулатылганы, жалпы 1,5 миллион сомдук салык төлөнбөгөнү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.