Ошко Бишкектегидей завод курулат. Аны көрүү үчүн Токторбаев борбор калаага келди

Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Бишкектеги катуу таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун курулушу менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлады.

Кечээ бул долбоорду ишке ашырып жаткан кытайлык “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Анын жүрүшүндө Ош шаарында таштандыларды жагуу жолу менен электр энергиясын өндүрүү үчүн заманбап ишкананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланган.

Айта кетсек, инвестициялык кызматташуунун алкагында курула турган ишкана күнүнө болжолдуу кубаттуулугу 2000 тонна таштанды иштетип, 50 мегаваттка чейин энергия чыгара алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан