N Group курулуш компаниясы жана Wyndham Hotels & Resorts эл аралык мейманкана түйүнү Кыргызстанда жаңы инвестициялык "Wyndham Bishkek Residence & Suites" долбоорун ишке киргизип жатышат. Бул долбоор Бишкектеги премиум-класстагы N Group-Meridian турак жай комплексинде ишке ашырылат. Долбоор N Group, Wyndham Hotels & Resorts жана Marq Bishkek ортосундагы өнөктөштүктүн негизинде жүзөгө ашмакчы.
Долбоордун расмий бет ачары 21-февралда Бишкектеги N Group компаниясынын башкы кеңсесинде өткөн маалымат жыйынында болду. Иш-чарага инвесторлор, N Group компаниясынын өнөктөштөрү жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги спикерлери N Group курулуш компаниясынын башкы директору Руслан Исаков, Wyndham Hotels CIS’тин директору Сергей Егоров, Marq Group’тун төрагасы Эмрах Далкая болду. Алар долбоордун Кыргызстандагы мейманкана секторуна жана инвесторлор үчүн пайда алып келүүчү артыкчылыктары тууралуу айтып беришти.
Өсүп жаткан рынок жана ири инвестициялык мүмкүнчүлүктөр
"Акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык инвесторлор үчүн жагымдуу өлкөгө айланды. Ишкердик активдүүлүгүнүн өсүшү жана туристтердин санынын күн сайын көбөйүшү сапаттуу турак жайга болгон суроо-талапты жогорулатууда. N Group жана Wyndham Bishkek Residence бул маселени инновациялык жана туруктуу жол менен чечүүнү сунуштайт", – деп билдирди Исаков.
Ал бул долбоор жөн гана жайгаштыруу объектиси эмес, ошондой эле жакшы инвестициялык мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары Исаков Ысык-Көлдө N Group жана Wyndham менен кызматташтыкта экинчи ири долбоор иштелип чыгып жатканын жарыялап, бул жаңы инвестициялар Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүндө багыттоочу учур болорун билдирди. Ал долбоор инновациялык концепцияны камтып, тармакта бир катар жаңы чечимдерди сунуштарын кошумчалады.
Руслан Исаков белгилегендей, N Group өзүнүн өсүү стратегиясы жана инвесторлор үчүн жагымдуу бизнес-модели менен иштеп чыккан бул долбоорлор өлкөнүн гана эмес, жалпы региондун экономикасына олуттуу салым кошот.
"Wyndham’дын эл аралык тажрыйбасы жана дүйнөлүк алдыңкы компаниялар менен кызматташтыгынын аркасында бул эки долбоор Кыргызстандагы меймандостукту жана өлкөбүздүн табигый кооздугун бүт дүйнөгө таанытат", – деп баса белгиледи Исаков.
Кыргызстандагы Wyndham эл аралык тармагы
Wyndham Hotels & Resorts’тун КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директору Сергей Егоров белгилегендей, "Wyndham Bishkek Residence — Кыргызстандагы дүйнөлүк бренддин алгачкы апарт-мейманканасы болуп саналат.
"Wyndham меймандостук индустриясынын лидери катары дүйнөнүн 95тен ашуун өлкөсүндө 9000ден ашык мейманкана менен иш алып барат. Эми биз мейманкана кызматтарын үйдүн ыңгайлуулугу менен айкалыштырган бул инновациялык концепцияны Кыргызстанга алып келүүдөбүз", – деди Егоров.
Ал Бишкекте эл аралык стандарттарга жооп берген бизнес-модель ишке киргизилерин жана Wyndham Bishkek Residence дүйнөлүк бренддин башкаруусу алдында иштеп, инвесторлорго туруктуу жана ишенимдүү модель сунуштай турганын кошумчалады.
Долбоордун негизги артыкчылыктары жогорку сапаттагы тейлөө жана профессионалдуу башкаруу болору белгиленди.
“Wyndham” брендинин эл аралык тажрыйбасы жана таанылган сапатынын аркасында бул долбоор глобалдык брондоо системасына кирип, дүйнө жүзүндөгү туристтерди өзүнө тартат. Мындан тышкары, ал долбоордун бардык сатуу жана маркетинг процесстери “Marq Bishkek” агенттиги тарабынан “N Group” жана “Wyndham” атынан уюштурулуп, көзөмөлдөнөрүн белгиледи.
Жаңы муундагы инвестициялык модель
Marq Bishkek агенттигинин башчысы Эмрах Далкая, бул долбоордун сатуу жана маркетинг процесстерин жетектей турган компаниянын өкүлү катары, Wyndham Residence Bishkek инвесторлор үчүн сунуштаган артыкчылыктарын белгилеп өттү.
Wyndham Bishkek Residence & Suites мейманкана кызматын жеке турак жайдын ыңгайлуулугу менен айкалыштырган Service Apartments концепциясында ишке ашырылат. Бул долбоор Кыргызстандын мейманкана рыногун жаңы деңгээлге чыгарып, инвесторлор үчүн туруктуу киреше жана минималдуу тобокелдиктер менен ишенимдүү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт.
"Бүгүн биз жөн гана мейманкана инвестициясы жөнүндө эмес, такыр жаңы модель жөнүндө сөз кылып жатабыз. Service Apartments – бул дүйнө жүзүндө мейманкана тармагында эң ылдам өсүп жаткан тренддердин бири. Бул моделди Wyndham’дын глобалдык күчү менен айкалыштыруу аркылуу биз инвесторлор үчүн жогорку кирешелүү уникалдуу мүмкүнчүлүктү түзүп жатабыз", – деп белгиледи Далкая.
Ал инвесторлор үчүн кепилденген киреше жана пайдалуу баа модели долбоорду өзгөчө жагымдуу кыларын баса белгиледи.
Ошондой эле, Далкая Wyndham Bishkek Residence’ке инвестиция салган адамдар Wyndham ээлик картасына (Wyndham Owner’s Card) ээ болушарын жарыялады. Бул карта ээлерине дүйнө жүзү боюнча 9000ден ашык мейманканаларда атайын арзандатуулар жана VIP-кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.
Ысык-Көлдөгү туризмди өзгөртө турган жаңы долбоор
Wyndham Hotels & Resorts жана N Group кызматташтыгы Кыргызстандагы туристтик сектордо ири жаңычыл долбоорлорду ишке ашырууну улантууда. Бишкекте Service Apartments моделин ийгиликтүү киргизгенден кийин компаниялар Ысык-Көлдө эң ири жана эң престиждүү туристтик инвестициялык долбоорду баштоого даярданууда.
Ысык-Көлдөгү долбоор – бул жөн гана мейманкана инвестициясы эмес, туруктуу туризм концепциясына жана жаратылыш менен гармонияда болууга негизделген уникалдуу модель. Долбоор регион үчүн жаңыча чечимдерди сунуштап, экологиялык туруктуу архитектура, жогорку деңгээлдеги тейлөө жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен айырмаланат.
Wyndham башкаруусунун аркасында долбоор дүйнөлүк бренддин престижин камсыздап, анын толук чоо-жайы жакынкы аралыкта жарыяланат.
N Group компаниясы
N Group – Кыргызстандагы эң алдыңкы жана эң динамикалуу өнүгүп жаткан курулуш компаниялардын бири. Үч жыл мурун негизделгенине карабастан компаниянын курулуш тармагындагы инвестициялык ишмердүүлүгү 20 жыл мурун башталган. Бүгүнкү күндө N Group турак жай жана коммерциялык комплекстерди камтыган алты ири долбоорду ишке ашырып, миңдеген кардарлардын ишенимине ээ болуп келе жатат.
Компаниянын эл аралык үч ISO сертификаты - анын сапат, коопсуздук жана натыйжалуулук боюнча дүйнөлүк стандарттарга шайкештигин тастыктап турат.
Бүгүн N Group курулуш менен гана чектелбестен, юридикалык жана каржылык колдоо, архитектуралык долбоорлоо, оңдоо иштерин жүргүзүү, логистика жана клининг кызматтары сыяктуу бир катар багыттарды камтыган көп тармактуу компаниялар тобуна айланды.
N Group’тун ар бир курулуш долбоору – бул жөн гана имарат эмес, өлкөнүн жана анын жарандарынын келечегин түзүүчү архитектуралык шедевр.
Marq Group компаниясы
Marq Group – инновациялык жана стратегиялык өнөктөш, ал кыймылсыз мүлк тармагында маркетинг, соода жана жарнама чечимдерин сунуштайт.
Компания инвесторлордун муктаждыктарын канааттандыруу максатында Стамбулда негизделген. 20 жылдык тарыхында 20дан ашык өлкөдө иш алып барып, өзүнүн глобалдык тажрыйбасын жана уникалдуу ыкмасын туруктуу жана жогорку сапаттагы кызматтарга айлантты. Marq Group төмөнкү багыттарда комплекстүү чечимдерди камсыздайт:
• Долбоорлордун маркетинг стратегиясын жана концепциясын иштеп чыгуу;
• Кыймылсыз мүлк секторунда сатуу бөлүмдөрүн өнүктүрүү жана башкаруу;
• Сатуу топторун түзүү жана окутуу;
• Консалтинг жана бизнес-өнүктүрүү.
Бардык процесстерди бирдиктүү башкаруу системасынын негизинде ишке ашырып, Marq Group кардарларына заманбап жана инновациялык чечимдерди сунуштайт.
Wyndham компаниясы
Wyndham Worldwide’дын курамына кирген Wyndham Hotel Group – бул 95тен ашык өлкөдө жайгашкан 21 брендден турган 9000ден ашык мейманкана тармагы. Компания эконом-класстан премиум деңгээлге чейинки сегменттерди камтыйт. Wyndham’дын дүйнө жүзү боюнча 40 000ден ашуун кызматкери бар. Премиум класстагы мейманкана бизнеси Wyndham Hotel Management аркылуу башкарылат.