Владимир Зеленскийди Лондондо Улуу Британиянын премьер-министри жылуу тосуп алды (видео)

Кечээ, 1-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугушту. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, жолугушуу Лондондо өттү. Тараптар Украина үчүн жаңы насыя келишимине кол коюшту.

Кир Стармер Владимир Зеленский менен Дональд Трамптын ортосундагы Овал кеңсесиндеги талаш-тартыштан кийин, Украинаны ар дайым колдой тургандыгын билдирди.

Басылмалар кабарлагандай, Кир Стармер бүгүн, 2-мартта Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө, андан соң аларга Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германия, Дания, Норвегия, Польша, Канада, Финляндия жана Румыния сыяктуу өлкөлөрдүн лидерлери кошулат.

Мындан тышкары жыйынга Түркиянын тышкы иштер министри, Евробиримдиктин өкүлү Урсула фон дер Лейен жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да катыша тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган. Андан соң Дональд Трамп менен Зеленский социалдык баракчаларына жолугушуу боюнча өз ойлорун калтырган.

Владимир Зеленскийди Лондондо Улуу Британиянын премьер-министри жылуу тосуп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан